Башкы прокуратура ишкерлер үчүн ишеним телефонун ачты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында "Бизнес Ассоциация ЖИА" юридикалык жактардын ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушууда башкы прокурор К.Зулушев ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтып өттү. Ошол эле учурда ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты болуп эсептеле турганын билдирди.

Укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдар ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишип же тоскоолдук кылышса күнү-түнү прокуратура органдарынын ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факты боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрүшөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо багыты боюнча жемиштүү кызматташуу зарылдыгын белгилешти.

Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишеним телефондору (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан