Ички иштер министрлиги өткөн жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-февралда ички иштер органдарынын 2021-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары Садырбек Дубанаев, Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, “Унаа” мекемесинин, ошондой эле жер-жердеги шаардык-облустук-райондук ички иштер башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйынга чейин Акылбек Жапаровду ИИМдин командалык борборунун иши менен таанышты. Кызматтык унааларды, көчмө портативдик радиостанцияларды жана патрулдук милициянын атайын техникасынын көптөгөн үлгүлөрүн көрсөтүштү.

Акылбек Жапаровго ИИМдин башчысы борбордун ишмердүүлүгү, күнү-түнү иштеген 400 видеобайкоо камералары, ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле министрлик тарабынан өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын азайтуу максатында ЖКККББнын аймактык бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлө турган 60 унаа сатып алынгандыгын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы жыйындын жүрүшүндө 2021-жылы ички иштер органдары коюлган ар бир тапшырманы ыкчам чечкенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан