Кыргыз модели Айкөл Аликжанова кайненеси, "Дикий Арман" каймана ат менен таанымал кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин апасынын кыргыз элине кайрылуусун Инстаграм баракчасына жарыялады.
“Бисмиллях деп кайненемдин сөзүн чыгарып жатам. Колдоп койгула”, - деп билдирүү калтырган Аликжанова.
Анда кайненеси уулунун сөзүн ортодо туура эмес чечмелөө болуп кеткенин, өзү жана уулу кыргыз элин абдан сыйлай турганын айткан.