SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу 23-февралга карата өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарынын Свердлов районунун №6 шаардык милиция бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматында милициянын аймактык тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Мирбек Молдабаев айтып берди.

"Мен 1986-жылы Бишкек шаарында туулгам. №27 орто мектепти аяктадым. Эки жогорку билимим бар. Дене тарбия академиясын жана Жусуп Баласагын атындагы окуу жайдан юридикалык билим алгам. Тилекке каршы, ата-энем эрте каза болуп калган. Мен күрөш менен машыгам. Күрөш боюнча эл аралык турнирлерге ИИМдин атынан чыгып, жеңиштерге жетип жүрөм. Андан сырткары альпинистмин. Жеңил атлетика боюнча алты өлкөдө өткөн марафонго катыштым. Үй-бүлөлүүмүн, 2 кызым бар. Келинчегим психолог. 2014-жылдан бери ИИМде иштейм. Мен кичинекей кезимде кошунам милиция болуп иштечү. Ал өз кызматын аткарып жаткан маалда аны каракчылар атып кетишкен. Ошол кишини көрүп, андан таасирленип милиция болом дечүмүн. Милицияга кылмыштуулук менен күрөшөм деп келгем.

Жайдын күнү Ысык-Көлдө эмгек өргүүдө жүргөм. Басып бара жатып 3-4 жашар бала бассейнге чөгүп жатканын көрдүм. Апасы алаксып кеткен экен. Баланы көрүп сууга кийимчен секирдим. Телефонум менен кириптирмин. Суунун тереңдиги моюнумдан келет экен. Баланы суудан алып чыгарарым менен ал бакырды. Баланын колунда балону болгон экен. Бирок аны чоңураак балдар тартып алып коюптур. Апасы мага ыраазы болду. Көрсө, ал өлкө боюнча аялдар арасында дзюдо боюнча машыктыруучу экен.

Уурулук боюнча айтсам, шаардагы мектептердин биринде бир окуучу кыз сыртта ойноп жүрүп күрмөсүн чечип коёт. Белгисиз бирөө күрмөнүн ичиндеги уюлдук телефонду алып, белгисиз тарапка качып кетет. Эки күндөн кийин видеокөзөмөлдөн шектүү аныктадык. Көрсө, мен аны мурун көрүп жүргөн экенмин. Үчүнчү күнү биз аны кармадык. Бирок ал телефонду сатып жиберүүгө үлгүргөн экен.

Бир жолу менин аймагымдагы реставрациядан телефон уурдалгандыгы тууралуу маалымат түштү. Териштирүү маалында реставрацияга сумкасын тиктиргени бир кыз кирген деп уктум. Көрсө, ал жанындагы кыз телефонун койсо аны алып кетип калыптыр. Менин кесиптешиме дарыканадан дары уурдалды деген маалымат түшөт. Ал шектүү кызды кармайт. Бирок мен издеп жүргөн кылмышкер ал кыз экенин эч ким билген эмес. Мен РИИБден ал кызды сумкасынан байкап калдым. Дароо арыз ээсине телефон чалып чакырдым. Ал келип кызды тааныган" - деди ал.
