Беш күн мурун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган адамдар дале табыла элек

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда “Чайна Роуд” ишканасынын кызматкерлерин издөөгө кошумча күчтөр тартылды. Издөө иштерин жалпы 26 куткаруучу жүргүзүүдө. Чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинолог, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылды, ошондой эле 2 атайын техника, 1 жүктөгүч, 1 эксковатор тартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайно Роуд” компаниясынын 3 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан