"Бир жумадан кийин ооруканадан чыгышы мүмкүн". Сокулукта сабалган 2 жашар баланын абалы айтылды

Сокулукта сабалган 2 жашар бала бир жумадан кийин ооруканадан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу баланын атасы Николай Кемаледдин SUPER.KG порталына билдирди.

"Учурда баланын абалы канааттандырарлык. Дарыгерлер ийне саюну токтотушту. Бирок профилактикалык иштер уланууда. Дарыгерлер бир жумадан кийин чыгышы мүмкүн деп жатышат. Алар баланы жакшы карашууда. Дообуз жок. Баламдын жанында чоң энеси бар. Мен келип-кетип турам. Апасына баласын көрүүгө уруксат жок. Телефон аркылуу уулунун абалын сурап жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Ошондой эле 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынган.

Көп узабай атасы баланы иш берүүчүсү сабаганын айтып чыккан.

Балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова бул иш боюнча комиссия түзүлгөнүн, ага ылайык баланын ата-энесинин укуктарын чектөө жана балдарды убактылуу чоң энеси Натальянын карамагына өткөрүлгөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2022-02-19 14:02:37
Кичинекей балдарыбызды коргойлу чоңдор!
+2
Belo
2022-02-20 00:41:02
Апасын алыстатып расс кылыптыр, эми тиги ойношу мн кенири жашай берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан