Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесинде Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту орнотулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Маданият министрлиги менен айкелдин автору Тамила Маматованын ортосунда укуктук документтер даярдалып жатат. Көрүүчүлөр бюстту Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң күбө боло алат.
Эске салсак, буга чейин министр Азамат Жаманкулов Тамила Маматованын өнөрканасында болуп, аталган бюсттун жаңы башталып жатканына күбө болгон. Ал эми бюсттун театрга орнотуу демилгесин кыргыз театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов көтөрүп, министр аны колдоого алды.