Мектептерге берүү үчүн 24 миңден ашык компьютер сатып алынат

Өлкөнүн мектептерине 24 миңден ашык компьютер берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жабдуулар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында сатып алынат. Буга чейин тендер жарыяланган. Жабдуулар менен 1 миң 200 мектеп (жалпы сандын 56 пайызы) жана 8 педагогикалык окуу жайлары камсыздалат.

"Максаттуу билим берүү мекемелери үчүн берилген компьютердик жабдуулардын жана оргтехниканын пакетине 20 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 тармак коммутатору, 1 үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу бирдиги (UPS) жана MFP (принтер+ксерокс+сканер) кирет. Мындан тышкары ар бир мектептин класстары 15 компьютердик стол, 15 отургуч жана системалык блок үчүн 15 тумбочка менен камсыздалат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги технология менен жабдуу балдардын заманбап жана сапаттуу билим алуусуна шарт түзөрүн кошумчалады. Буга байланыштуу окуу процессин технологиянын жардамы менен колдоо максатында долбоордун алкагында 5-11-класстар үчүн математика жана табигый так илимдерге (физика, химия жана биология) басым жасоо менен санариптик контент иштелип чыгып, санариптик окуу материалдары өлкөнүн бардык мектептерине жеткиликтүү болору айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Antiradikal10
2022-02-19 18:43:54
Негизи компьютерди уйротуу заман талабы. Бирок Кыргызстанда талапка ылайык компьютерлерди окуучуларга уйротуп келген мектептердин саны саналуу эле. Коп болсо 5-15%тин тузот жалпы мектептердин. Калган мектептерде компьютерлер жон эле турат. Окуучулар айда жылда бир компьютерлердин жанына келип кармалап, кичине компьютер менен иштемиш болушат. Ошондо да кыйратып компьютердик программалар боюнча тушунук алышпайт, мугалими озу жакшы билбегени учун.
+6
Antiradikal10
2022-02-19 18:44:40
Башка мугалимдер бош убагында оюн ойноп, калган убакыттарда кобунесе чан басып жатчу коптогон элет жериндеги компьютерлер. Эми да ошол эле болот.
+4
Jaraisyn
2022-02-20 13:43:52
Antiradikal10, оозуң тешик экен сенин! Канчалаган мектептерге компьютер жетишпейт.
-1
Antiradikal10
2022-02-19 18:47:23
Тендерди ким утат? Кайра эле бийликке караштуу биринин ишканасы утат. Ар бир компьютерден 100-200 доллардан жегенде да, 2,4-4,8 миллион доллар жейт экен. Бул акчаны карапайым бири бир омур иштеп да таба албайт, бийликтегилер абадан акча жасап, казынадан акча уурдап жатканда.
+1
Antiradikal10
2022-02-20 12:06:52
Antiradikal10, мисалы 2,4 миллион доллар акча жеди дейли бул тендерден шылуундар. Бул минимальная сумма. 5-8 миллион да жеши мумкун.

Бир адам ай сайын 250 доллардан маяна алганда да (21 мин сомдон), жылына 3000 доллар табат. 40 жыл тынбай иштесе 120 мин доллар табат бир омур тынбай иштеп. Демек 2,4 миллион доллар кеминде 20 адамдын бир омур иштеп тапчу акчасы. Ал эми башкалар учун 1 айда асмандан тапчу акчасы.
0
Antiradikal10
2022-02-20 12:16:05
Antiradikal10, Тендерди ким утат? Бийликтеги бирине жакын бироонун компаниясы утат. Тендерди ага алып бергени учун мисалы 1 млн. доллар пара бериши мумкун.

Тендерден уткан бири эмне кылат? Кытайдан оптом сатып алат да, алып келип кураштырып Окмотко, билим беруу министрлигине откоруп берет. Тендерди уткан бирине ар бир компьютер бут чыгымдарды кошкондо 700 доллардан тушсо, ал ар бир компьютерди 900-1000 доллардан корсотушу мумкун. Эсептегиле ошондо канча табат?
0
News
2022-02-19 19:35:17
Анын 10 миңин жеп койсоңор өзүңөр!!!
+2
futboler
2022-02-19 19:35:28
Жакшы болот экен. Бирок директор, завучтар компьютердуу болуп калат экен да, үйлөрүнө алып кетип.
+6
Jaraisyn
2022-02-20 13:57:45
futboler, мээң жайындабы именно сага окшогондор кылышы мүмкүн андай ишти. Директор завуч балээ калбаса. 1 айда 4 жолу келип тешерип отуруп, директор завучуң үйүн да таппай калып аткан заман азыр. Чукулаганыңар эле директор же завуч.
-1
Isken90
2022-02-19 21:05:12
Дагы карызга батабызбы ошондо гран мранд деп дагы нени айтат
+3
ruslanz
2022-02-20 10:03:08
Балдарымдан кунуго сурап турам,кайсы тема отулду деп. Информ. сабагы дээрлик отулбойт. Комп. менен жабдылган.Эми айла жок курстарга акча толоп окутуш керек болуп атат. Бирок баардык эле мугалимдер окутпай калышты. Мумкун шаарда жакшыдыр, айылда ушундай корунуш.Текшеруу келсе чогулуп коноктоп кетирип жиберишет.
+2
Jaraisyn
2022-02-20 13:57:45
ruslanz,Бир аз ойлонуп сүйлөсөң болмок. Сенин балаң окубайт менимче. Биздин мектепке жибер окутуп берели. Компьютерди мыкты билишет, үйрөнүп атышат.
0
ruslanz
2022-02-20 14:11:44
Jaraisyn,Ажаан немесиз го, копчулукто болот сиздейдейлер. Куйооно "жалко". Жакпаган комент-де отуп эле кет да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан