Чолпон Шаикова Чүй облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды

Чолпон Шаикова Чүй облустук медиа борборунун (СТВ) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен Шаикова Чолпон Кавылбековна Чүй облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды.

Чолпон Шаикова эмгек жолун 1993-1994-жылдары жеңил өнөр-жай колледжинде кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.

Ал көп убакыт Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп эмгектенген.
2001-2006-жылдары "Кызыл Жарым Ай" коомунун Ысык-Көл облустук комитетинин төрайымы;
2003-2006-жылдары Ысык-Көл облустук маданият башкармалыгынын орун басары;
2003-2007-жылдары Чолпон-Ата шайлоо комиссиясынын төрагасы;
2008-2012-жылдары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, 2004-2007-жылдары Чолпон-Ата шаарынын жаштар комитетинин төрайымы;
2016-жылы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, 2014-жылы катчылыкта медиа координатор болуп иштеген;
2015-жылы Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясында коомчулук менен байланыш боюнча адис кызматын аркалаган;
2016-2021-жылдары Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон.
Билими жогорку, 1988-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, "Тарых жана коом таануу мугалими» адистигине ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibani
2022-02-20 22:55:33
Чолпон эжоооу поздравляю
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан