Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган кытай компаниясынын кызматкерлерин издөө иштерине 53 куткаруучу тартылды


Бир апта мурда Көк-Арт ашуусунда түшкөн кар көчкүнүн алдында калган "Чайна Роуд" компаниясынын кызматкерлери дале табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, издөө иштерине 53 куткаруучу тартылды.

Андан тышкары издөө иштерине "Чайна Роуд" ишканасынан 5 жүктөгүч, 1 эксковатор, 1 бульдозер атайын техникасы, Чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинолог, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган.
Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолундагы тоннелдин түндүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, унаа жолдун 331-333-чакырымынан 10 миң метр куб кар көчкү тазаланды. 14-февралдан тарта түшкөн кар көчкүнүн тазаланган жалпы көлөмү 170 800 метр кубду түзөт.

Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” компаниясынын 3 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан