Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен дагы 2 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, көз жумгандар вакцина алган эмес, экөө тең Бишкек шаарында катталды.
Коронавирус инфекциясы Кыргыз өлкөсүндө катталгандан бери жалпы 2 миң 946 адам көз жумду.