Ысык-Көлдө көлдүн суусу 80 метрге чейин тартылып кеткени айтылды (видео)

Ысык-Көлдө көлдүн суусу жээктен 80 метрге чукул тартылып кетти. Бул тууралуу Бакыт Бекболсунов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып, видео жүктөдү.

"Тоң району, Оттук айылы. Көлдүн суусунун тартылганын карагылачы. Быйыл дагы кургакчылык болобу?", - деп жазды ал.

Видеодон көрүнгөндөй көлдүн суусу жээктен дээрлик 70, 80 метрдей тартылган.

Буга чейин дагы, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көлдүн суусу тартылганы байкалган.

Тоңдо көлдүн суусу тартылганы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Fernando_Torres
2022-02-21 12:24:46
Түбөлүк нерсе турбайт бул жакта баары кетет барысы жок болот
-2
azamat85
2022-02-21 13:35:27
бул жер абдан туз (горизонт) жер экен ошого 80 метр деп жатат, так где то 1 метрдей тартылыптыр вертикально ченесе
0
Antiradikal10
2022-02-21 16:02:32
Вертикально 1 метр томондогон кундо да, бул дегени болжолдуу 6,2 млрд куб суу дегени...

Эгер бул канча деп элестетуу кыйын болуп жатса, бугунку кундогу Токтогул суу сактагычындагы сууну элестеткиле. Ошондон эле бираз азырак суу. Токтогул суу сактагычында бугун 8млрд кубтан кобурок суу бар.

+1
Antiradikal10
2022-02-21 16:04:10
Эгер Ысык-Колдун суусу вертикально 1 метр эмес, 2 метр тартылган болсо, бул болжолдуу 11-12 млрд куб суу дегенди тушундурот. Бул Токтогул суу сактагычындагы обычно коруп жургон суунун бардыгы дегенди тушундурот.

Бул деген катастрофа!
0
Antiradikal10
2022-02-21 16:05:30
Ысык-Колдогу тартылган суу калыбына келиши мумкун. Бирок буга коптогон жылдар кетет. Жылдан жылга климат ысып бара жатканын эске алганда, бул процесс жыл откон сайын татаалдана берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан