Баткен районунда жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Х.С. аттуу жаран менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, ага айыл чарба багытындагы жерлердин жайыт түрүнө кирген 10 гектар (19 миллион 200 миң сом деп бааланган) жер тилкесин мыйзамсыз берген. Ал эми аталган жаран жердин кыртышын бузуп, мамлекетке 464 миң 400 сомдук зыян келтирген.
Жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгында жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп жиберген жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, келтирилген зыян толук өндүрүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.