Өлкөдө мектеп окуучуларынын тамактануусуна кеткен каражатты көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
"Азыркы учурда азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти.
Райондордо, шаарларда окуучулардын тамактануусуна бир күндө 7 сом, ал эми алыскы аймактарда 10 сом бөлүнөт.
Бул боюнча эки жолу Финансы министрлигине кайрыганбыз. Жок дегенде 7 сомду 14 сом кылып, 10 сомду 20 сом кылып көбөйтүү үчүн. Министрликтен бул маселени комплекстүү (мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин айлыгын) кароону сунушташты", - деп билдирди Жусупбекова.