Токтогул суу сактагычында суу үч күндүн ичинде 104 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 21-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 366 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"21-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 366 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 146 метр куб, агып чыгышы 509 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

18-февралда суу сактагычта 8 миллиард 470 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан