Баткенде бир катар ишкерлерге киреше салыгы эки эсеге кыскарды

Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсеге кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы 10 пайыздан 5 пайызга чейин азайды.

Салык кодексине ылайык салыктык жеңилдиктер 2 багытта берилет:

  • өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек ара жанындагы калктуу пункттарына;
  • Баткен облусунун бардык аймактарына.

Биринчи багытка ылайык, айрым жеңилдиктер берилген калктуу конуштарынын тизмесине киргизилген Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун 62 айылында катталган жана иш жүргүзгөн субъекттерге салыктар боюнча төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленген:

  • салык төлөөчүлөрдүн жалданган кызматкерлери үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө аныкталган;
  • пайда салыгын, сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган;
  • жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

2-багытка ылайык, салыктардын бул түрлөрү боюнча жеңилдиктер Баткен облусунун салык органдарында катталган жана өнөр-жай ишинин жеңилдиктер берилген түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө инвестициялык макулдашууну түзүүнү талап кылбастан берилет. Алардын Баткен облусунан тышкары жайгашкан обочолонгон бөлүктөрү буга кирбейт.

  • Өнөр-жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнө:
  • инновациялык технологияларга негизделген өнөр-жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;
  • жеңил жана тамак-аш өнөр-жайы;
  • электр энергетикасы; айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
  • жыйноо өндүрүшү;
  • ар кандай экспортко багытталган өндүрүш кирет.

"2021-жылдын 28инен 30-апрелине чейинки Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыр тарткан субъекттердин 2021-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылат (Баткен облусунун чек ара жанындагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген жабыркагандардын тизмесине киргизилгендер)", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан