Эр-Рияд шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Курчап турган чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жолугушууда тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүүсүнүн келечегин, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусунун эки тараптуу кызыгуу жараткан актуалдуу багыттарын талкуулап, эки мамлекеттин ортосунда расмий сапарларды уюштурууга, Сауд Арабиянын компанияларынын Кыргыз өлкөсүндө инвестициялык долбоорлордо катышуусуна, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн аймагында жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө басым жасашкан.
"Улукбек Марипов жана министр Аль-Фадли 2022-жылдын 24-27-февралында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес форумун жана ата мекендик көргөзмө-жарманкесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту", - деп жазылат билдирүүдө.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин прогрессивдүү жана стабилдүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешип, Эр-Рияд шаарында өтүүчү кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги үчүнчү отурумунун сапаттуу жана мазмундуу маселелерин талкуулашты жана аны өткөрүү мөөнөтүн карап чыгышкан.
Белгилей кетсек, Улукбек Марипов Сауд Арабияга элчи болуп 2022-жылдын январь айында дайындалган.