ЭЛДИК КАБАР: Окурман Баткен-Кара-Бак жолун асфальттоо ишине акча каражаты бөлүнгөнүн айтты

Баткен облусунун тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды. Ал Баткен-Кара-Бак жолу чечилгенин билдирди.

"Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табалды Тилаев Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда депутат район борборунан аталган айылга чейинки башкы жолду асфальттоо ишине акча каражаты мамлекет тарабынан бөлүнгөндүгүн айтып, жакынкы аралыкта иштер башталарын кошумчалады.

Мындан сырткары Баткен районундагы Айгүл-Таш-Согмент, Аксай-Рават, Кызыл-Бел-Достук жана башка облустун аймагындагы айланма жолдордун курулуш иштери башталарын айтты", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан