Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин эки округу боюнча кайра шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
- 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 110 миң 970 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 44 миң 388, орус тилинде – 66 миң 582 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
- 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 104 миң 788 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 41 миң 916, орус тилинде – 62 миң 872 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.