Жергиликтүү тургун Чүй РИИБине ыраазычылык кат жолдоду

Жергиликтүү тургун Чүй РИИБине ыраазычылык кат жолдоду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катта милиция кызматкерлеринин жарандар менен тыгыз иштешип, калктын көйгөйлөрүнө кайдыгер мамиле кылбай, жардамын берип келе жатканын айткан.

"Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги Эрлан Исмаиловго, анын орун басары Асылбек Назаралиевге жана алар жетектеген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирүүнү туура көрдүм.

Алар өзүнүн жасаган иштери менен уурулардан жана тоноочулардан калкты жогорку деңгээлде коргоонун үлгүсүн көрсөтүп келишүүдө. Тергөөчү Адилет Жеңишбеков учурда убактылуу эч ким жашабаган 2 үйдү уурулардан коргоого жардам берди. Ал эми милициянын аймактык тескөөчүлөрү Болот Жороев менен Бекжан Абышев пенсионер курактагы мага өз каражаттарынын эсебинен кулпу сатып келишип, дарбазамды өздөрү оңдоп берип кетишти. Мунун негизинде уруулукка жана тоноочулукка жол беришкен жок", - деп жазылган катта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-02-21 21:45:03
Ээми бир кулпу салып берсе деле ошону чыгара бергиле чымынды төө кылып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан