ӨКМ: "Ак-Таш, Ала-Бука, Бишкек багытында каттаган айдоочуларга узак жолго чыкпай турууну эскертебиз"

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги узак жолго чыкпай турууну эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан жарыялашты.
"Ак-Таш, Ала-Бука, Бишкек багытында каттаган айдоочуларга узак жолго чыкпай турууну эскертебиз. Аталган аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан, жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Каныш-Кыя жана Красный-Горка-Ак-Таш унаа жолдоруна жергиликтүү бийлик тарабынан атайын буйрук чыгып, жаралган кооптуулук жоюлганга чейин кечкисин убактылуу чектөө киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан