Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош-Баткен-Исфана жолундагы Ош - Ноокат - Баткен тилкесин реабилитациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табылды Тиллаев белгилегендей, Ош-Ноокат-Баткен автожолу эл аралык маанидеги жол гана эмес, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү орунда турган транспорттук артерия болуп саналат.
Аталган объектинин курулушунун донору Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) болуп саналат.
Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы 133,58 миллион долларды түзөт, анын 50 миллион доллары 28-75-чакырым жолду курууга жумшалат.
Белгилей кетсек, насыянын калган бөлүгү жумшалуучу долбоорду ишке ашыруунун экинчи компоненти катары Бишкек-Ош жолунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу (таш кулоодон коргоочу курулушту куруу, көчкүдөн сактоочу дубалдарды куруу, тунелдерди жана көпүрөлөрдү куруу) болуп саналат.
"Учурда тендердик документтер даярдалууда. Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат", - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, тендерди жакын арада жарыялоо зарыл, ал эми долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компаниялар да тартылышы керек.
"Келечекте жергиликтүү компаниялар чет элдик компаниялар менен аттаандашуу үчүн тажрыйба топтоп, заманбап технологияларды жана аларды пайдаланууну үйрөнүшү керек", - деди Акылбек Жапаров.