Арзыбек Кожошев Баткендеги бир катар өнөр-жай ишканаларга барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында, бир катар өнөр-жай ишканаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атап айтканда, Арзыбек Кожошев Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарындагы кварц кенине жана айнек заводу курулуучу жайга барды.

Белгилесек, айнек идиш заводун куруу чечими өткөн жылы күзүндө кабыл алынган.

Кварц кумунун запастары айнек жана фарфор буюмдарын гана эмес, жогорку технологиялык арматураларды да чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бардык даяр жана кайра иштетилген продукцияларды коңшу мамлекеттерге экспорттоо пландалууда.

Арзыбек Кожошев министрлер кабинетинин артыкчылыктуу ишинин бири катары өнөр-жай объектилерин, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүүчү объектилерди ишке берүү болуп саналат деп билдирди.

"Биз өнөр-жай тармагын өнүктүрүү үчүн максималдуу шарттарды түзүүбүз керек. Бул үчүн бизде адам ресурстары жана зарыл сырьё да бар. Биз өзүбүздүн муктаждыктарыбызды камсыздап, жумуш орундарын түзүп, даяр продукцияны экспортко чыгарабыз", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Андан соң Арзыбек Кожошев Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай автожолунун, Кольцо – Сүлүктү жана Самаркандек – Даркум альтернативдик автожолдорунун курулушу менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

"Жолдорду мындан ары эксплуатациялоо жана күтүү маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынууга тийиш. Курулган транспорттук артериялар көп жылдар бою кызмат кылышы керек", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2022-02-22 22:22:08
Исфана эмес, Разаков шаары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан