Былтыр 577 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алган

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында этникалык кыргыздардын укуктук статусун жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Жыйында белгилүү болгондой, мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн аймагында турган этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов канча этникалык кыргыз тиешелүү документ алганына кызыкты.

Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 2021-жылы 577 этникалык кыргыз “кайрылман” статусун алганын белгиледи. Анын айтымында, андан тышкары 8 чет өлкөлүк жаранга “качкын” макамы ыйгарылган.

Ал эми мыйзамдын маалымкат негиздемесинде белгиленгендей, жалпысынан Кыргыз мамлекетинде 65 миңден ашуун этникалык кыргыз бар. Алардын 55 миңден ашууну жарандык алса, “кайрылман” макамы 15 миңдей жаранга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bazar
2022-02-21 20:21:58
Байкуш ал кыргыздарды милициялар тоношот экен. Калп эле "паспортту кантип алдың" деп текшеримиш болуп ар кайсы сурак берип тажатышат экен
-1
bayern-munchen
2022-02-21 23:53:23
bazar,кой сен ойлогончолук байкуш эмес сен экообуздон караганда аларга женилдиктер коп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан