Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында этникалык кыргыздардын укуктук статусун жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Депутат Аида Исатбек кызы жарандык берүүдөгү талаптар тууралуу сурады.
Министрлер кабинетинин өкүлү этникалык кыргыздарга жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык берилерин айтты. "Башка чет элдик жарандарга тиешелүү талаптар коюлган. Алсак, алар 5 жылдан кем эмес, визалык режимде, мыйзам чегинде жашашы керек. Ал эми этникалык кыргыздарга андай талап жок”, – деди ал.
Талкуудан соң мыйзам долбоору колдоо таап, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.