28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунда жазылгандай, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейинки адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Ал эми үйлөнүү той салтанаттар 200дөн 300гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүлөт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт. Маркумдун элесине арналган иш-чараларды 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.
Парламенттик угууга катышууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.