Депутат Талиева: "Бишкекке мэр болуп келгендер маршруттук таксилерди жок кылам деп келишет"

"Бишкекке мэр болуп келгендер маршруттук таксилерди жок кылам деп келишет", - деп бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

"Мэр болуп келгендер алгачкы маалымат жыйын беришкенде маршруттук таксилерди тартипке салам дешет, бирок андай болбойт. Элге жакшы шарт түзүү зарыл. Элди угуп туруп, кайра укпай каласыңар", - деди депутат.

Мэр Айбек Жунушалиев бул тургундардын талабы болуп жатканын билдирди. "Маршруттук таксилердин санын азайтуу талабы бар. Бул биринчиден жол коопсуздугу, экинчиден биздин жүргүнчүлөргө шарт түзүү. Биз бир нече аракеттерди баштадык", - дейт Жунушалиев.

Депутат сапаттуу автобустарды алуу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан