"Мектеп окуучулары үчүн жол кире акысын төмөндөтүү боюнча сунушту киргизебиз", - деп бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
"Тарифти карап жаткан учурда эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан дагы ушундай сунуштар түшкөн. Мектеп окуучулары үчүн жол киренин акысын 10 сомго чейин түшүрүү иштери жүрүп жатат. 1-2 айда Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз", - деди ал.
Учурда мектеп окуучулары үчүн троллейбустарда жана автобустарда жол кире акысы 11 сом, ал эми маршруттук таксилерде 15 сомду түзөт.