Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал индустриалдык-педагогикалык колледждин алдынкы тажрыйбалар борборунун жана ОшМУнун медициналык клиникасынын иши менен таанышты.
Эдил Байсалов окуу жайдын жетишкендиктери менен таанышып, санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлуп жаткан иштер, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу кеңири маалымат алды.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кызыл-Кыя шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгына жана Үч-Коргон айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барды.
Эртең Эдил Байсалов Баткен облусунда өтүүчү министрлер кабинетинин көчмө жыйынына катышат.