Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин комитети Бишкектеги автобустарды сатып алууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды.
Мыйзам долбоору боюнча Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат берди. Ал белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда, ал автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат.
"Кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 миллион евро бөлүнөт, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 миллион евро бөлүнөт", - деди ал.
Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл. Мындан тышкары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 8 миллион евро өлчөмүндө грант бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 миллион евро бөлүнөт.