Киров суу сактагычына төгүлгөн малдын каны боюнча иш текшерүүгө алынды

Буга чейин Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычын жергиликтүү ишкер булгап жатканын окурман порталыбызга билдирген. Ал Бейшеке айылындагы мал союучу жайдын жумушчулары союлган малдын этинен башкасынын баарын сууга төккөнүн айткан. Азыркы тапта бул факты бир катар мекемелер тарабынан текшерүүгө алынды.
Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Киров суу сактагычына төгүлгөн малдын каны боюнча маалымат каттоого алынды.
"20-февралда союлган малдын кандарын Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычына төгүп жаткандыгы тууралуу билдирүү болгон. Окуя тууралуу видео интернет булактарына тарап, коомчулук арасында талкууга алынды. Жерине Кара-Буура РИИБинин ыкчам тергөө тобу, Кара-Буура райондук санитардык эпидемиологиялык станциянын, ветеринария жана экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлери барышты. Аталган факты боюнча ар бир кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттердин негизинде иш алып барышууда. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.
Эске салсак, Бейшеке айылынын тургундары акылга сыйбаган иш болуп жатканын, тагыраагы, мал союучу жайдын жумушчулары водовоз менен союлган малдын этинен башка калдыгын Киров суу сактагычына төгүп жатканын айтышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asman.81
2022-02-22 15:28:17
Вет.техинспекция,сан.эпидем станция качан элдер тартып жонотпой сайын кабинетинерден чыксанар боло.Эл учун деле иштеп койгула да!Силердин кайдыгерлигинерден кырчындай омурлор кыйылууда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан