Ош шаарында 4 миллион 350 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык мэриясынын 2020-жылда чыгарылган токтомунун негизинде Р.А. аттуу жаранга Амир Темур кичи районундагы 500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп, ага менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылып, мэриянын токтому жана мамлекеттик акт жараксыз деп табылды.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 4 миллион 350 миң сомду түзгөн жалпы аянты 500 чарчы метр жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.