Минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден сыртка экспорттоого тыюу салынды

Министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган.

Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан