Ысык-Көл облусунда жайгашкан Балыкчы станциясына 200 тонна Вакула сортундагы жаздык арпанын үрөнү келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, үрөндөр Ысык-Көл жана Түп райондорунун үрөн чарбаларына жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө таратылат.
"Элиталык үрөндөр үрөн чарбаларына, биринчи репродукциядагы үрөндөр айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө лабораториялык анализден өткөндөн кийин сапатын текшерүү жана «Айыл Банк» ААКсы менен келишим түзүү үчүн берилет.
Банктын шартына ылайык, үрөн 4,5 пайыз үстөк менен товардык насыя түрүндө: 2 жылдык мөөнөткө, ушул жылы 50 пайыз 15-ноябрга чейин жана 50 пайыз, 2023-жылдын 15-ноябрына чейин кайтаруу менен берилет", - деп жазылат маалыматта.