Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов, аскер кызматкерлери катышты.
Иш-чарада ар бир инсан мекенди коргоого жана аны көздүн карегиндей сактоого милдеттүү экени белгиленип, мекен коргоочуларга арналган ыр-бийлер тартууланды.