Сокулукта аёосуз сабалган 2 жашар бала чоң энесинин камкордугуна берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Турдубекованын айтымында, зомбулукка кабылган 2 жашар бала сакайып, ооруканадан чыкты. Тергөө иштери бүткөнгө чейин убактылуу чоң энесинин камкорлугуна берилген.
Ошондой эле кайрымдуулук уюмдары балага жана чоң энесине Бишкек шаарынан 6 айга батир ижарага алып беришкен.
“Баланын абалы жакшы десек болот. Бирок оор зомбулукка кабылгандыктан канча бир убакыт дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ден соолугун чыңдоо керек”, - деди Турдубекова.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда ар кандай жаракат менен эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийин баланы атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Ошондой эле 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынган.