Бүгүн, 22-февралда 95 түгөй никесин расмийлештирүү үчүн кезекке турушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Бүгүн, 22-февралда өлкө боюнча 95 түгөй баш кошуп, никесин расмийлештирүү үчүн кезекке турушат. Алар кезекке буга чейин эле турушкан. Башка күндөргө салыштырмалуу бүгүн, кооз датада кезекке тургандар көбүрөөк болду", - деп билдиришти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен.
Аталган министрликтен белгилешкендей, никесин расмий каттаттууну каалагандар алдын ала ЗАГСка (Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо) кайрылуусу керек.