Борбор калаанын мектеп окуучулары Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин акимиаты жана билим берүү борбору тарабынан жогорку класстын окуучулары үчүн баатыр генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейине экскурсия уюштурулду.
Иш-чара советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду. Окуучулар отставкадагы полковник, Ооган согушунун ардагери Орозбай Колубаев менен жолугушту.
Жолугушуунун максаты студенттердин ой-жүгүртүүсүн кеңейтүү, өз өлкөсүнө болгон милдет, жоопкерчилик, патриоттук сезимдерин ойготуу. Баатыр генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейинде жалпысынан 300 окуучу болду.
№72 мектеп-гимназиясында Ооган жана жергиликтүү согуштун ардагерлери менен окуучулар жолугушуп, ардагерлер согуш тууралуу айтып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.
Жыйындын аягында катышуучулар Ооганстанда, бардык локалдык согуштарда жана кагылышууларда курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.