Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 бейтап көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, каза болгон жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
Илдеттен көз жумган жаран Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан.
Коронавирус илдети Кыргыз жергесинде алгачкы жолу 2020-жылы март айында катталып, жалпы 2948 адам каза болду.