Израиль коронавируска каршы вакцинаны капсула түрүндө чыгарды

Израиль коронавируска каршы вакцинаны капсула түрүндө чыгарды, эми аны клиникалык сыноодон өткөрүү каралууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Андагы маалыматка ылайык, аталган капсула "Oramed Pharmaceuticals" фармацевтикалык компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

Капсуланы клиникалык сыноодон өткөрүү аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги макулдугун бергенден кийин медициналык борборлордун биринде өткөрүлөт. Сыноого буга чейин коронавируска каршы вакцина менен эмдөөдөн өтпөгөн 24 ыктыярчы катышат. Анда жарандардын жарымы 1 капсуладан, жарымы 2 капсуладан ичишет. Сыноо 6 аптага созулмакчы.

"Oramed Pharmaceuticals" фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Надав Кидрондун айтымында, бул капсула башка вакциналардан айырмаланып, коронавирустун ар кандай штаммдары үчүн бирдей эффективдүү жана каршы көрсөтмөлөрү жокко эсе. Ошондой эле аны дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүнө жеткирүү оңой, себеби аны сактоо үчүн өзгөчө эрежелер талап кылынбайт. Мындан сырткары эгер аталган капсула клиникалык сыноодон ийгиликтүү өтсө, аны башка өлкөлөргө да жайылтуу зарылчылыгын айтып өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан