Республика боюнча 207 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал эми 1133 бейтап амбулатордук дарыланууда.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаары – 93, Ош шаары – 14, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 8. Стационарда дарыланып жаткан 207 бейтаптын ичинен 88 (42,5 пайыз) орто оордукта, 94 (45,4 пайыз) оор абалда жана 25 (12 пайыз) өтө оор абалда.