24-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 290 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 148 метр куб, агып чыгышы 397 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 24-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 824 миллион метр кубду түзгөн.