Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Нур-Султан шаарында 2022-жылдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар форматтагы алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кеңешмени ачууда Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловго кеңешмени жогорку деңгээлде уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирип, аны жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти комиссияга 10 жыл толушу менен куттуктап, ийгиликтерди жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну каалады.
"Кыргыз Республикасынын президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда ушул жылы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусундагы артыкчылыктуу багыттарды жана демилгелерди белгиледи. Биринчиден, бул 2025-жылга чейин Экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетишүү, тоскоолдуктарды тез арада четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, өнөр-жай кооперациясын чыңдоо, интеграциялык бирикмеге мүчө-мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү, климаттын өзгөрүшүнүн чакырыктарына жооп берүү боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мүчө мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан да кылдат изилдөөнү жана ишке ашырууну талап кылган бул багыттарды чечүүдө тыгыз кызматташууга чакырам", - деди Акылбек Жапаров.