Баткенде түн ичинде турак үйдөн өрт чыгып, куткаруучулар жалындаган өрттү таңга маал өчүрүштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Маалым болгондой, түнкү саат 03:42де Кара-Бак айылында турак үйдөн өрт чыгып жаткандыгы тууралуу куткаруучуларга билдирүү түшкөн. Бөлмөдөн чыккан өрттү таңкы саат 05:44тө толугу менен өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен 12 даана устун, 12 даана стропила, 40 даана шифер, 4 даана эшик жана 2 даана терезе чыгым болгон. Кырсыктын чоо-жайы такталууда", - дешет маалымат кызматынан.