Жалал-Абад шаарында сүрөтчүлөр союзунун "Бадам гүлү" арт галерея сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, көргөзмөгө Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген алдыңкы сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.
Сүрөт көргөзмөнүн негизги максаты - көркөм өнөр искусствосу менен алектенген инсандардын жараткан эмгектерин жалпы коомчулукка алып чыгып, жаш муундарга маданият тармагынын баалуулуктарын таанытуу жана сүрөтчүлүк өнөргө кызыктыруу.
Арт галерея көргөзмөсүндө кыргыз жеринин кооздугун даңазалаган пейзаждар, белгилүү инсандардын элестери түшүрүлгөн портреттер, философиялык мазмундагы жана жазды сүрөттөгөн бир катар эмгектер коюлган.