Республика боюнча коронавирус инфекциясына чалдыгып, андан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен акыркы суткада дагы экөө каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, көз жумгандар эмдөөдөн өтүшкөн эмес.
Каза болгондордун бири Бишкекте, экинчиси Ысык-Көлдө катталды.
Муну менен республика боюнча коронавирус илдетинен каза болгондордун жалпы саны 2 миң 954кө жетти.