Бишкекте 26 жаштагы жаран унааны айдап качып бара жатканда колго түшүрүлдү

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Ал короодо токтоп турган унааны айдап качкан дешет Милициянын кайгуул кызматынан.

Белгилүү болгондой, кайгуул кылып жүргөн кызматкерлер 7-апрель жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен терезеси сынган Дэу Нексия үлгүсүндөгү авто унааны көрүшкөн.

"Текшерүү учурунда 42 жаштагы айдоочуга таандык унааны токтоп турган жеринен 1996-жылы туулган К.А. айдап качып бара жаткандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча кылмышка шектүү жаран Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына жеткирилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча 211-берененин (автотранспорт каражатын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан