ИИМ: "Чоң масштабдагы "Ууру" аталышындагы рейдде 547 кылмыштын бети ачылды"

Өлкөдө кримогендик кырдаалды турукташтыруу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрдү алууга жана сатып алууга катышкан адамдарды аныктоо жана бетин ачуу максатында "Ууру" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында 547 кылмыштын бети ачылганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Чоң масштабдагы иш-чаранын негизги максаты - уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду, адамдарды аныктоо жана бетин ачуу, уурдалган буюмдарды сатуучу жайларды аныктоо, өткөн жылдардагы кылмыштардын бетин ачуу, жарандарга мүлккө кылмыштуу кол салуулардан мыйзамдуу коргоонун каражаттары жана ыкмалары жөнүндө маалымат берүү.

Мындан тышкары мүлктүк кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Рейддик алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө 547 кылмыштын, анын ичинде мурда жасалган 300 мүлктүк мүнөздөгү кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле уурулук боюнча 134, тоноону изин суутпай ачуу боюнча 7, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 4 кылмыштын бети ачылып, 4 ок атуучу курал алынган.
Уурулук боюнча адистешкен 8 топ аныкталып, анын ичинде батир жана чөнтөк уурулук менен алектенген адамдар кармалышкан.

Кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 26 адам кармалган", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан