Жалал-Абад облусунда суу сактагычтан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Куткаруучуларга Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычында белгисиз адамдын жансыз денеси калкып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу барып, көлмөдөн чыгарган маалда ал аял киши экени белгилүү болгон.
Маркумдун аты-жөнүн тактоо жана андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жансыз дене райондук укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти министрликтен.