Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.
Бишкектеги №1007 шайлоо участогу саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, анан ачылды. Азырынча шайлоого келгендердин саны аз болууда.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Свердлов жана Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округдарында"баарына каршы" графасы эң көп добуш алгандыгына байланыштуу кайра шайлоо жарыяланган.